"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Кыргыз интеллегенциясынын басымдуу бөлүгүн мектеп уясынын учурган мурдакы №5 мектеп, учурдагы Улуттук компьютердик гимназияга 80 жыл толуп, «Даңк» медалы менен сыйланды. Даңазалуу мектептин учурдагы абалы кандай болду экен.
Кыш чилдесинде өлкөнүн тоолуу аймактарында ит- куш, карышкыр күч алып, төрт түлүк малга зыян кылууда. Адистердин айтымында, болжол менен Кыргызстанда 5 миңдей карышкыр бар, бул болсо нормадан эки эсе көп делип айтылууда.
19-январда өлкө президенти Курманбек Бакиев убадасын аткарып, Доха шаарында өткөн 15-Азия оюндарында байге алган спортчуларга акчалай сыйлыктарды жана төрт жеңүүчүгө бир бөлмөлүү үйдүн ачкычтарын тапшырды.
Бишкектеги жер алдынан өтүүчү өткөөлдөргө жардыргыч зат коюлганын айтып, белгисиз адам Бишкек шаардык ички иштер кызматына телефон чалган. Милиция кызматкерлери ал жердеги адамдарды, соодагерлерди сыртка чыгарып, ал аймактар курчоого алынып, тиешелүү кызматтар текшерип, иликтөө иштерин жүргүзүп, эч кандай бомба табышкан жок.
Кыргызстанда улам барган сайын оор кылмыштын саны өсүп баратат. Айрыкча уюшкан кылмыштуулук токтогон жери жок. Өткөн жылы милиция уюшкан кылмыштуу топтун 21 мүчөсүн камакка алган. Ага карабай өлкөдөгү кылмыштуулук коомчулук козгогон олуттуу маселелердин бирине айланууда.
11-январдын түнүндө АКШнын Филадельфия шаарында профессионалдык бокс мелдешинде кыргыз жигити Алмазбек Райымкулов түндүк америкалык Эммануел Огастес менен беттешип, жеңишке жетишти.
Эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөдө кышкы спортко жетиштүү көңүл бурулбай калды. Совет доорундагы легендарлуу «Нооруз», «Оруусай» лыжа тебүү базалары Президенттин алдындагы иш-башкаруу чарба башкармачылыгынын киреше табуунун булагына айланды.
Былтыр 8-январда Азиянын грек-рим күрөшү боюнча эки жолку чемпиону, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, даңазалуу балбан Раатбек Санатбаевди Бишкектеги 7-кичи районунда инисинин үйүнүн алдынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Раатбектин өлүмү тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылган менен бул кылмыштын бети алигиче ачылган жок.
Учурда кыш өкүмүн сүрүп, жолдор тайгак болуп, мурдакыдай жолго туз, кум себилбегендиктен жол кырсыктары арбын болууда дешет айдоочулар. Мындан сырткары адистердин айтымында жол эрежелерин одоно бузуу, унааны кышка даярдабай, кышкы дөңгөлөктөр тагылбаганы жана коопсуздук курду тагынбоо да кырсыктарга себепкер болууда.
3-январдан баштап Кочкор районунун аймагында болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандардын абалын аныктоо боюнча өкмөттүк 11 комиссия иштей баштады. Өткөн жылы 25-декабрдан 26-декабрга караган түнү алты жарым - жети балл жер титирөөнүн кесепети Кочкор районуна көп экономикалык зыян алып келип, ондогон үйлөр жараксыз болуп калган.
Жаңы жылды майрамдоодо салтка айланып калган жардыргычтар, фейерверк, жанар от оюнчуктарды сатып алуу камылгасы көрүлүп жаткан учур. Ал түгүл балаты жасалгалоосу токойлордун аянтын кыйла кыскартышына себепкер болгондуктан быйыл жаш карагайларды кыйууга тыюу салынган. Ошондуктан жасалма балатынын да баасы өстү.
27-декабрда кечинде Бишкекте Шералы Сыдыковдун жаркын элесине арналган эркин жана грек-рим күрөшүү боюнча эл аралык мелдештин алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды.
25-декабрда Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы редакциясы биринчи окууда кабыл алынган жок. Долбоор кабыл алыныш үчүн 51 депутат макул деп добуш берүүгө тийиш эле. Бул жагдай тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда.
«Жаңы Конституциянын кабыл алынышы бул «Реформалар үчүн» кыймылынын гана жеңиши эмес, бул жалпы кыргыз элинин ийгилиги» деген пикирлер коомчулукта айтылууда. “Бул бийликтин оппозицияга убактылуу чегинүүсү” деген пикирлер да бар.
Кыргыз мамлекеттик телерадио компаниясында реформа жүргүзүү талабы менен 26-октябрда иш ташташкан телеоператорлор нааразылык акциясын улантышууда.
Быйылкы 9 айдын статистикалык маалыматына караганда 2 миңден ашуун өрт кырсыктарынынын кесепетинен 37 млн. сомдук материалдык байлык күйүп, жок болгон. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр кырсыктан 67 адамдын өмүрүн сактап калышкан.
Кечээ 18-октябрда Бишкектеги Алатоо аянтында жигиттерди аскерге узатуу салтанаты болду. Ал эми ошол эле маалда кыргыз армиясында кызмат өтөөдөн качып жүргөн жаштар да арбын.
Европа Союзу Кыргызстанда катталган 27 авиакомпанияга өз аймагынан учуп өтүүгө тыюу салды. Мындай маалыматты Европалык Комиссиянын Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрү боюнча өкүлчүлүгү интернет аркылуу таратты.
Римде акыл-эси тубаса кем төрөлгөн жаштар арасында Европалык атайын оюндарга катышкан кыргызстандыктар 2 күмүш, 2 коло байге утуп келишти.
Дагы жүктөңүз