"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан атактуу балбан, Азиянын эки жолку чемпиону Раатбек Санатбаевди буйуртма менен кимдер өлтүргөнү алигиче аныктала элек. Күнөөлүүлөр аныкталбагандыктан тергөө иши аягына чыкпай убактылуу токтотулуп турат.
2- октябрда Ташкент шаарында өткөн самбо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын таймашууларына 23 өлкөнүн балбандары катышты. Мында кыргызстандык балбандар жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи. Кыргызстандык жигиттер бир алтын, бир күмүш жана алты коло медаль тагынды.
Бүгүнкү Кыргызстандын премьер- министри Феликс Кулов менен Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Бишкекте жолугушуп, орус-кыргыз аскердик кызматташтыгы дагы тереңдей тургандыгын ырасташты. Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов 2 млн. долларлык аскердик техникалык жабдууларды Кыргызстандын аскер бөлүктөрүнө Кант базасында тапшырды.
Бүгүн Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Ал 2 млн. долларлык аскердик техникалык жабдууларды Кыргызстандын аскер бөлүктөрүнө тапшырып, Оштогу орус- кыргыз жоокерлеринин биргелешкен машыгуусуна күбө болот.
Кечээ Кытайдын Гуанчжоу шаарынан грек-рим күрөшу боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш байге уткан Канат Бегалиевди спорт коомчулугу ийгилиги менен куттуктап, тосуп алышты. Финалда кыргызстандык балбан Канат Бегалиевдин бир нече упайын калыстар эсептебей коюшуп кытайлык атаандашына бир упай айырма менен утулуп калган.
Учурда өлкөдө саяпкерлик өнөр бааланбагандыктан кыргызстандык мыкты саяпкерлер Казакстанда күлүк таптап жүрүшөт. Эгемендүүлүктүн 15 жылында Борбор Азиядагы ат чабыштарда байгеге коюлган 27 жеңил машинаны уткан таластык жети бир тууган Батыркуловдорго жана башка саяпкерлерге көңүл бурулбагандыктан Казакстанда иштеп жатышат.
Советтер Союзунун эки жолку баатыры, учкуч- космонавт Алексей Леонов кыргыз жергесине келип, Ысыккөлдө эс алууга куштар. Анын айтымында космостон Ысыккөл жердин карегиндей керемет көрүнөт. Жакында эле Чолпонатада өткөн эл аралык Ысыккөл оюндарына курбусу Советтер Союзунун Баатыры, учкуч- космонавт Александр Волков экөө ардактуу мейман катары катышып кетишти.
Учурда Бириккен Араб эмираттары өлкөсүндө куш агытып, ителги салуу боюнча эл аралык мелдеш, көргөзмө өтүүдө. Мындай эл аралык деңгээлдеги мүнүшкөрлөр мелдешине кыргызстандык мүнүшкөр Сыргак Алымбеков алгач ирет катышууда.
14-сентябрда жарык көргөн маалымат каражаттары Жогорку кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин баңгизат менен Польшадан кармалышына байланыштуу парламенттеги талкууну башкы жаңылык катары маалымдашты.
Кыргызстандыктардын ичинде Нью-Йоркто 11-сентябрда болгон террордук чабуулду билбеген, элес албаган жарандар арбын. Кабарчыбыздын сурамжылоосу ушундай тыянакка алып келди.
Кыргыз спорттунун тарыхында уландар жана кыздар арасында шахмат боюнча Азия чемпионаты Бишкек шаарында алгачкы ирет өткөрүлүп жатат.
31-августта Бишкектеги «Аккула» атмайданында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 15 жылдыгына карата өлкөнүн президентинин көкбөрү боюнча кубогуна арналган эл аралык мелдешинин жана жорго салыштын жеңүүчүлөрү аныкталды. Баш байгени жана кубокту Бишкектин «Бөрүлүү» командасына президент Курманбек Бакиев өзү тапшырды.
Эгемендүүлүктүн 15 жылында Кызыл китепке кирген Кыргызстандын жаныбарлары, айбанаттары, асыл тукум жылкылар жана азем буюмдары чет өлкөлүк жетекчилерге белекке тартуу болуп кетти. Учурда кыргыз өкмөтүнүн чечими менен Караколдогу 11 аркар-кулжа Москва шаарына белекке берилип жатат.
4 күндөн бери Бишкектеги «Аккула» атмайданында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 15 жылдыгына карата өлкөнүн президентинин көкбөрү боюнча Кубогуна арналган эл аралык мелдеш улантылып жатат. 28-августта жарым финалдык беттешүүлөр болуп, мыктылар иргелип чыкты.
25-августта Бишкектеги «Аккула» атмайданында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 15 жылдыгына карата өлкөнүн президентинин көкбөрү боюнча Кубогуна арналган эл аралык мөрөй талашуу башталды.
Тайланд өлкөсүнүн Бангкок шаарында өткөн грек-рим жана эркин күрөшү боюнча уландар арасында Азия чемпионатынан кыргызстандык балбандар 2 алтын, 5 күмүш, 3 коло медаль утуп алып, 16-августта, бүгүн эртең менен кыргыз жергесине жеңиш менен кайтып келишти.
Өкмөттүк гезиттер Кыргызстан калкынын ассамблеясынын 5-курултайы, анда сүйлөгөн президент Курманбек Бакиевдин сөзүн беришти.
Дагы жүктөңүз