Бишкекте Кубанычбек Кулматов 41, Ошто Айтмамат Кадырбаев 25 добуш менен шаар мэрлигине шайланды. Оштогу экинчи талапкер Мелис Мырзакматов 19 добуш алды.
04.12.2013 Иса Өмүркулов кызматтан кетүү арызын жазды.
2-декабрда Башкы прокуратура Өмүркуловго карата кылмыш иш козгоп, парк зонасынын чегин бузган деген айып таккан.
Иса Өмүркуловдун "Азатыкка" берген маеги, 02.12.2014
Көпчүлүк коалиция Ош шаарынын мэрлигине Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул инсан 2010-жылдын 7-апрелине чейин Ош облусунун губернаторунун орун басары кызматын аркалап келген.
Мелис Мырзакматовдун талапкерлигин “Улуттар биримдиги” жана НДПК партиялары көрсөткөн. 5-декабрга чейин Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп турду.
Бишкек шаарынын мэрлигине КСДП фракциясы Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин көрсөттү. 2013-жылдын 7-авгусутунда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалган. Ага чейин кыска мөөнөттө президенттин кеңешчиси болуп да иштеген эле. 2010-жылдын Апрель ыңкылабынан кийин Бажы кызматын жетектеп келген.