Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:28

CPJ казак бийлигин журналист Бажкеновага тагылган айыптарды алып салууга чакырды


Гүлнар Бажкенова
Гүлнар Бажкенова

Журналистерди коргоо комитети (CPJ) Казакстан бийлигин “Орда” сайтынын башкы редактору Гүлнар Бажкеновага тагылган айыптарды алып салып, басылманын эркин иштешине мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды. Мындай билдирүүнү уюм 2-декабрда жарыялады.

“Ордадагы" полициянын тинтүүсү жана Гүлнар Бажкеновага каршы кылмыш ишинин козголушу Казакстанда көз карандысыз маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн көрсөтөт. Ошондой эле өлкөнүн ‘жалган маалымат’ тууралуу мыйзамы канчалык алсыз экенин айгинеледи. Бийлик Бажкеновага коюлган айыпты дароо алып, мыйзамдарды реформалоого тийиш", — деди CPJнин Европа жана Борбор Азия программасынын координатору Гүлноза Саид.

1-декабрда полиция Orda.kz агенттигинин редакциясында жана Бажкенованын үйүнө тинтүү жүргүзүп, андан соң аны “көз көрүнөө жалган маалымат таратты” деген шек менен эки айга үй камагына алган. Редакциянын бир нече кызматкери суракка алынгандан кийин коё берилген.

Уюмдун билдирүүсүндө Бажкенова кармалганга чейин “Орда” сайты үзгүлтүксүз киберчабуулдарга кабылганы, ал тургай журналисттин “өлүмү” тууралуу фейк маалыматтар тараганы айтылат. Бул да басылмага болгон басымдын күчөгөнүн көрсөтөт.

Алматы шаардык полиция департаменти "Алдын ала маалыматтар боюнча, 2024- жылы жарыяланган материалдардын биринде укук коргоо органынын кызматкери пара алып жаткан кезде кармалды деген чындыкка жатпаган кабар таратылган. Тергөө учурунда мындай факты болбогону ырасталды. Ошондуктан, Бажекенованын аракеттери макалада көрсөтүлгөн кызматкердин беделине шек келтирди деп табылган"-деп билдирди.

Бирок Казакстандагы укук коргоочулар жана журналисттер бул иш “Орданын” бир нече ай мурун жарыялаган материалдары менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин божомолдошот. Анда мурдагы тышкы иштер министрине байланыштуу ири коррупция жана оппозициячыл журналисттин өлүмү боюнча материалдар жарык көргөн эле.

CPJ өз билдирүүсүндө Казакстан бийлиги акыркы учурларда көз карандысыз ЖМКларды “жалган маалымат таратты” деп көп айыптап, АКШ Конгресси каржылаган "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна айып салынганын, бир нече көз карандысыз журналист камалганын эске салат.

Уюм Бажкенова иши боюнча Казакстандын Ички иштер министрлигине жана Алматы полициясына кайрылганын, бирок азырынча жооп ала электигин билдирди.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG