"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Учурунда өлкөнүн коопсуздук комитетин көп жыл башкарган, генерал- лейтенант Жумабек Асанкулов 21- апрелде узакка созулган оорудан кийин Москвада дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү 23- апрелде Москва шаарында коюлду.
19-апрелден 20-апрелге караган түнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, коомдук тартипти катуу сактоого аракет кылды. Түнү менен митингдин катышуучуларын Алатоо аянтына жолотпой, дүкөн, соода түйүндөрүн кайтарууга алышты. Түндөсү жүргөн атуулдардын көпчүлүгүнүн документтерин текшеришти. Митингди уюштуруучулар “тартип, коопсуздук чагымчылар бузуп, жаманатты кылып, милиция күч колдонду” дешүүдө.
15-апрель түнү Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо учурундагы ок атышуудан милициянын улук лейтенанты, 31 жаштагы Эрлан Искендеров курман болду. Көп адамдардын өмүрүн кыйган деп шектелип жүргөн Кубан Жолдошев колго түшпөй, атышып жатып, ок тийип, ооруканага жетпей жан берген.
Мөөнөтсүз митинг учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Кечээ түнү тынчтык митинг учурунда милициянын кабыл алуу жайына 178 адам кармалса, анын теңинен көбү мастар, көпчүлүгү документи жок атуулдар. Митингди уюштуруучулар “тартип, коопсуздук сакталууда, жөн гана жаманатты кылууга аракет кылгандар бар” дешүүдө.
11-апрелдеги мөөнөтсүз митинг учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Тынчтык митинг учурунда коомдук тартипти сактоодо милиция ооганчы жоокерлер, коопсуздук кызматтары көмөктөшүүдө.
Орусия жана Казакстандагы кыргызстандык мигранттардын “Замандаш” ассоциациясы бийлик менен оппозицияны сүйлөшүүгө чакырган кайрылуу кабыл алды. Чет жерде иштеп жана жашап жүргөн кыргызстандык атуулдар 11- апрелде баш-аламандыктар болуп кетсе, митингди уюштурган тарап жана бийлик жоопкер болорун билдирди.
Өлкөдө милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Буга 11- апрелде өтө турган митинг себеп болууда. Тынчтык митинг учурунда милиция коомдук тартипти сактай алабы?
8- апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кичи-футбол же футзал боюнча «Балтика» сыра компаниясынын кубогуна арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Бүгүн кыргыз спорт коомчулугу олимпиадалык оюндардын коло байге ээси, белгилүү марафончу Сатымкул Жуманазаровду акыркы сапарга узатты. Даңазалуу жөө күлүктүн сөөгү Аларча көрүстөнүнө коюлду.
Кыргыз спорт коомчулугу оор жоготууга учурады. 55 жаш курагында кырсыктан улам СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Москва олимпиадалык оюндарынын коло байге ээси, белгилүү марафончу Сатымкул Жуманазаров каза болду.
Өлкөдө ден-соолукка керектүү йод жана темирдин жетишсиздиги социалдык көйгөйлүү маселердин бири. Мындай керектүү заттардын жетишсиздиги түрдүү оорулардын себеби болууда. Ошондуктан калкка бул көйгөйдү түшүндүрүү иш- чарасын Кыргызстан аялдар Конгресси да өткөрүп жүрөт.
31-мартта Эл аралык футбол федерациясынын президенти Йозеф Блаттер Бишкекте курулуп жаткан футболдук стадион менен таанышып, коомчулук менен жолугушту. Ошондой эле ага өлкө жетекчиси «Данакер» орденин тапшырды.
Өлкөдөгү саясатта, бийлик чөйрөсүндөгү чукул өзгөрүүлөр карапайым калк арасында кайчы пикирлерди жаралууда. Айрымдары оппозиция лидерлеринин бири – Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалуусу өлкөдө саясий кризисти басаңдатат деп эсептешет. Ал эми айрым атуулдар президент оор абалдан чыгуу максатында оппозицияны жана элди алдап жатат деп айтышууда.
24-мартта Бишкекте Кыргызстандын Президентинин Кубогуна арналган кикбоксинг боюнча үчүнчү эл аралык турнир болуп өттү. Мелдештин ардактуу мейманы профессиналдык бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Костантин Цзю болду.
24-мартта кечинде Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын президентинин Кубогуна арналган кикбоксинг боюнча үчүнчү эл аралык беттешүү болуп өттү. Мелдештин ардактуу мейманы профессиналдык бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Костантин Цзю болду.
24- мартта Бишкектеги «Аккула» ат майданында көкбөрү боюнча мелдештин финалдык таймаштары өткөрүлдү. Ошондой эле ыңкылап күнүнө арналган грек - рим жана самбо күрөшү боюнча спорттук мелдештер болду.
Ноорузда Бишкектеги «Аккула» ат майданында башталган көкбөрү боюнча мелдештин жарым финалдык таймаштары 23- мартта болду. Ошондой эле ыңкылап күнүнө арналган баскетбол жана кыргыз күрөшү спорттук мелдештер өттү.
Нооруз майрамында Бишкектеги «Аккула» ат майданында көкбөрү боюнча мелдештер болду. Ошондой эле Бишкектин спорт жайларында жеңил атлетика, гимнастика, баскетбол, футбол, шахмат, чыгыш өнөрлөрү, улуттук спорт түрлөрүнөн ордо, кыргыз күрөшү мелдештери Нооруз майрамынын шаанисин арттырды.
Өлкөдө 19- марттан баштап милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Буга удаасы менен келаткан майрамдар себеп болууда. Милиция коомдук тартипти сактай алабы?
№40 Отузадыр жана №57 Кемин округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 19-мартта аяктады. Ага ылайык Кемин боюнча 15, Отузадыр боюнча 11 талапкер шайлоодо ат салышуу үчүн арыз беришти.
Дагы жүктөңүз