"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Кыргызстанга контрабандалык жол менен күйүүчү май ташыган “Деңиз-Ойл” фирмасын уюшкан кылмыштуу топ көзөмөлгө алып “калканыч” болуу менен ай сайын 20 миң доллар алып турушкан. Милиция уюшкан кылмыштуу топтун бетин ачып 3 мүчөсүн камакка алды.
11-июлда Филиппин өлкөсүнүн борбору Манила шаарында өткөн грек-рим жана эркин күрөшү боюнча уландар арасында Азия чемпионатынан кыргызстандык балбандар жеңиш менен кайтып келишти. Алар 2 алтын, 2 күмүш, 7 коло медаль утуп алышты.
Бишкекте өтчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин башкы жыйыны өтө турган Кыргыз мамлекеттик филармониясында жана анын айланасында ремонт иштери кызуу жүрүүдө. Филармониянын алдындагы аянчаларга төшөлгөн мрамор плиталар чыгарылып, жетекчилер алып кетүүдө деген пикирлер да айтылууда.
Гватемаланын борборунда өткөн Эл аралык олимпиада комитетинин 119-сессиясында 2014-жылдын кышкы олимпиадалык оюндарынын борбору аталды. Финалдык баскычка чыккан үч талапкер шаардан Орусиянын Сочи шаары жеңип чыкты.
23-июнда Нарында болгон авиакырсыкка байланыштуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Айрымдар кырсык болгондон кийин атайын “кара жашиктеги” жазуу тасмасын жок кылышкан десе, адистер мындай пикирди четке кагууда. Авиация тармагынын жетекчилери дем алыш күндөрү атайын сейилдеп жүрүшкөн деген пикирлер да бар. Өкмөттүк комиссия кыйроонун себептерин аныктоочу атайын жумушчу топ түзүп, Орусиядагы жана Өзбекстандагы учак ремонттоочу заводдордон адистер чакырып жатышат.
Кыргыз парламенти бир жарым айга тыныгууга тарады. Жума күнү үчүнчү чакырылган Жогорку Кеңештин үчүнчү сессиясын жаап жатып, төрага Марат Султанов бул жылы парламенттин иши өтө жооптуу жана кыйла оор болгондугун билдирип, депутаттардын жакшы эс алып келишин каалаган. Жайкы эс алуу учурун депутаттар кайда, кандай өткөрүшөт?
Бүгүн 2-июлда 1924-жылы Парижде уюшулган Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) күнүн бүткүл дуйнө жүзүндөгү спорт коомчулугу белгилешет. Кыргызстан эгемен мамлекет болгону AIPSке 1995- жылдан бери анык мүчө.
Учурда футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын Жогорук Лигасынада 10 команда күч сынашып жатышат. Мында Кыргызстандын эки жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы быйыл дагы чемпиондугун сактап калууга чамасы жетеби?
25-июнда Балыкчы шаарында парус спортту боюнча Кыргызстандын ачык биринчилиги башталды. Мөрөй талашууга Казакстан менен Өзбекстандын өкүлдөрү да келишти. Өлкөдө яхта, парус боюнча спорт түрүн өнүктүрүү үчүн Ысыккөл абдан ыңгайлуу. Бирок бул спорт тармагына анча көңүл бурулбай келүүдө.
23-24- июнда Бишкектеги мамлекеттик цирктин аренасында белгилүү каскадер, режиссер Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган эрежесиз эр кармаш боюнча Евразиянын жетинчи чемпионатынын таймаштары өтүүдө. Кечээ цирктин имаратына бома коюлган деген жалган маалыматтын айынан чуру- чуу чыгып, текшергичекти мелдеш эки саатка үзгүлтүккө учурады. Бул панкратион мелдешине Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын балбандары катышууда.
Өкмөт үйүндөгү жыйында Чолпоната шаары эл аралык Ысыккөл оюндарын жетинчи ирет өткөрүүгө даяр экени айтылып, ал эми Каракол шаары Кыргызстандын бешинчи Спартакиадасын өткөрүүгө камылгасы начар экени сынга алынды.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өтүүчү саммитине карата шаардын даярдыктарына каражат жетпей, Аскар Акаев курдуруп бүтпөй калган мейманкана комплексин аукциондо сатмак болушту. Бул тууралуу маселе шаардык кенештин кезексиз сессиясында талкууланды. Мейманкананын баасы 400 млн. сомго чыгууда.
Коргоо министрлигинин демилгеси менен журналисттер арасында тапанчадан ок атуу жана сууда сүзүү мелдештери өткөрүлдү. Бул мелдештерге республикалык маалымат каражаттарынан отуз журналист катышты.
Мындан эки жыл мурда 17-июнда Алатоо аянтына 4 миңге чукул адам чогулуп, президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраган Урматбек Барыктабасовдун талапкер катары катталышын талап кылышкан. Бул нааразылык чаранын айрым катышуучулары өкмөт үйүнө чейин кирип барышкан. Тартип коргоо органдары аларга каршы атайын каражатты колдонуп, күч менен таратышкан. Окуяны бийлик төңкөрүш жасоо аракети катары бааласа, Барктабасовдун тарапкерлери бийликтин чагымы деп, тараптар ушу күнгө чейин бири-бирине доо артып келатышат.
Геология жана минералдык ресурстар агенттигинде «Жерүй» алтын кенин иштетүү боюнча техникалык экономикалык негиздеме жарыяланды. Маалыматка караганда, “Жерүй” алтын кенин иштетүү боюнча ТЭН жасалып бүткөндөн кийин эми кенде жумушту кандай жүргүзүүнүн долбоору иштелип чыгууда. Андан кийин гана алтын казуу иштери башталат. Техникалык экономикалык негиздеменин бет ачаарына катышкан айрым тоо кенчилер долбоорду сынга алышууда.
Учурда Астана жана Бишкек шаарларында АКШнын Борбордук командачылыгы менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн «Аймактык кызматташтык-2007» биргелешкен машыгуусу өтүүдө. Ага АКШ, Ооганистан, Пакистан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын аскер адистери катышууда. Машыгуу жаратылыш кырсыктарын алын алуу жана террорчуларга каршы күрөшүүгө багытталган.
Мындан 40 жыл мурда Ташкенттеги жер титирөөдөн жабыр таркандага жардам берүү максатында Кыргызстанда студенттик алгачкы курулуш отряддары түзүлүп, кыйраган турак жайлардын ордуна жаңы үйлөрдү курууга салым кошкон. Совет доорундагы мындай демилгенин деми эгемендүү өлкө болгону сууп, студенттерге көңүл бурулбай калган. Он алты жылдан кийин гана өлкөдө кайрадан студенттик курулуш отряддары жандана баштады.
Бириккен фронттун штабынын жетекчиси, генерал- майор Өмүрбек Субаналиевдин эки жан сакчыларынын мурда сыйлыкка алган куралдары - Макаров тапанчалары Ички иштер министринин буйругу менен кайтарылып алынды. Мындай сыйлыкка алынган же тартууланган куралдарды кимдер алалат? Аларды өкмөт кандай учурда кайра алууга укуктуу? Эгемендүү өлкө болгону куралдуу күчтөрдүн, улуттук коопсуздук комитетинин жана ички иштер министрлигинин канча кызматкери сыйлыкка жеке курал алышкан?
Мындан беш жыл мурда саясий ачкачылыктын кесепетинен каза тапкан укук коргоочу Шералы Назаркуловдун үйбүлөсү өкмөттөн компенсация өндүрүп берүү үчүн сотко кайрылган. Өткөн жума күнү Бишкектеги Биринчи май райондук соту Шералы Назаркуловдун жесирине, үйбүлөсүнө компенсация төлөөгө негиз жок деген чечим чыгарды.
29- майдан бери Германиялык мугалим Мартин Флух Бишкек- Ош маршруту боюнча жөө чуркап баратат. 3-июнда кечээ марафончу Мартин Флух Каракөл шаарына жетти.
Дагы жүктөңүз