"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Кыш чилдесинде кар калың түшүп өлкөнүн тоолуу аймактарында ит-куш, карышкыр күч алып, төрт түлүк малга зыян кылууда. Адистердин айтымында өлкөдө учурда 5 миңден ашуун карышкыр катталган. Бул нормадан эки эссе көп дегендик.
Ар жыл сайын футболдон Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондорунун кубогу Москвада январь айында өткөрүлүп жүрчү, быйылкы таймашуу Санкт-Петербургда өткөрүлмөкчү. 18-январда Шериктештер кубогунда Кыргызстандын намысын коргоо үчүн өлкөнүн төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой- Динамо” командасы аттанып кетет. Быйыл алардын атаандаштары кимдер болмокчу? «Дордойчулардын» даярдыктары кандай?
Атактуу балбан Раатбек Санатбаевди мурдагы жылы 8-январда Бишкектеги 7-кичи районунда инисинин үйүнүн алдынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Раатбектин өлүмү тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылган менен бул кылмыштын бети алигиче ачылган жок. Былтыр Раатбекти эскерүү эл аралык мелдеши өткөрүлдү. Көзү тирүү болсо Раатбек Санатбаев элине далай эмгек кылмак деп эскеришет, замандаштары.
Жаңы жылдын алгачы күндөрү өлкөнүн аймагында саясый өңүттөгү акция, жөө жүрүштөр катталган эмес. Бирок милиция тарабынан жүзгө жакын кылмыштын бети ачылган. Айрым маалымат агентиктери билдиргендей “жол кырсыгынан 6 адам каза болду” деп элди дүрбөлөңгө салган кабар так эмес дешет МАИ кызматкерлери. Жаңы жылдык шаан-шөкөт учурунда жана электр жабдууларынан 10 өрт кырсыгы болгон. Ош облусунда 100 кг баңгизаты чекарадан табылды.
Кыргызстандагы кыз-келиндерден чыккан биринчи этнограф- окумуштуу, тарыхчы Какен Мамбеталиев атындагы коомдук кор ачылганына эки жылдын жүзү болсо да илимий-конференцияларды өткөрүп, биринчи этнографиялык семинардын катышуучуларынын көлөмдүү жыйнагын китеп кылып чыгарды. Ошондой эле Какен Мамбеталиеванын көзү тирүүсүндө жарык көрбөй калган «Кыргызстандын жумушчуларынын турак- жайы жана турмуш- тиричилиги. Тарыхый этнографиялык очерк» деген китеби да чыкты.
Учурда кыш өкүмүн сүрүп, жолдор тайгак болуп, мурдакыдай жолго туз, кум себилбегендиктен жол кырсыктары арбын болууда дешет айдоочулар. Мындан сырткары адистердин айтымында жол эрежелерин одоно бузуу, унааны кышка даярдабай кышкы дөңгөлөктөр тагылбаганы жана кар көчкү коркунучу да кырсыктарга себепкер болууда.
Президент Курманбек Бакиевдин премьер-министрлик кылып Игорь Чудиновду дайындашы боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Президент «Ак жол» партиясын парламентке өткөрүү менен жана өкмөт башчысына көздөй адамын дайындап бийликтин бардык бутактарын ээледи. Экс-президент Аскар Акаевдин жолу менен баратканын айгинеледи, бул өкмөт башчы мурдакы Николай Танаевдей жарытылуу иш бүткөрбөйт, деген пикирлер айтыла баштады. “Жаш эмеспи иштин көзүн билип, кыргыз тилин үйрөнүп иштеп кете алат” дегендер да бар.
Өзбекстандагы президенттик шайлоодо бийликти 18 жылдан бери колунан чыгарбай келаткан Ислам Каримовду мамлекеттик машина дагы бир ирет шайлатышты деген пикирлерди кыргызстандын тургундары айтышууда. Бул ирет ага үч атаандаш- Өзбекстан элдик-демократиялык партиясынан Аслиддин Рустамов, «Адолат» социал-демократиялык партиядан Дилорам Ташмухамедова, демилгечи шайлоочулардын атынан Акмал Саидов чыгышканын коомчулуктун көңүлүн жазгыруу ыкмасы катары баалагандар бар. Кыргызстандык атуулдар да өз пикирлерин билиришүүдө.
«Замандаш» «Жылдын мыктыларын» атады. “Жылдын мыкты депутаты” деген сыйлык “Атамекен” партиясынын лидерлеринин бири Темир Сариевге берилсе, “Жылдын мыкты журналисти” болуп “Агым” гезитинин өкүлү Алым Токтомушев аталды. 4 жылдан бери “Замандаш” журналы саясаттагы, экономикада, маданият, спорт, айыл-чарба жана башка тармактарда таанылган исандардын мыктыларын аныктап келатышат.
Бишкекте Орусия, Украина жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн аскердик окуу жайларынын жетекчилери эл аралык гуманитардык укукту окутуу боюнча кеңешип, тажрыйба алмашууда. Бул кеңешме Эл аралык Кызыл чырым уюмунун демилгеси менен өткөрүлүп жатат.
Жаңы жылдан баштап Кыргызстандын өкмөтү өлкө аймагында мал санак жүргүзмөкчү. Бул тууралуу өкмөт буйругун чыгарып, мал каттоону уюштуруу иш чараларын көрө баштады. Мал санактын максаты ар бир үйбүлөөнүн кирешесин аныктоо, балдарга төлөнө турган жөлөкпулду чектөө деген пикирлер да айтыла баштады.
Жекшембиде болгон шайлоодо дүйнөнүн 23 мамлекетинде жашап-иштеп атышкан кыргызстандыктар да өз добуштарын беришти. Ал эми Орусиядагы жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоцациясынын өкүлдөрүнүн пикиринде, шайлоо калыс өтпөй, миңдеген кыргызстандыктар шайлоого катышкан жок.
1-декабрдан бери парламенттик шайлоо өнөктүгүнө карата коомдук тартипти камсыз кылыш максатында милиция күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Ал эми айрым партиялардын өкүлдөрүнүн пикиринде милиция коомдук тартипти сактоонун ордуна үгүт иштерине жолтоо болуп, МАИ кызматкерлери укугунан ашкере пайдаланууда.
Учурда кыш өкүмүн сүрүп, жолдор тайгак болуп, мурдакыдай жолго туз, кум себилбегендиктен жол кырсыктары арбын болууда дешет айдоочулар. Мындан сырткары адистердин айтымында жол эрежелерин одоно бузуу, унааны кышка даярдабай кышкы дөңгөлөктөр тагылбаганы жана коопсуздук курду тагынбоо да кырсыктарга себепкер болууда.
Мындан он беш жыл мурда 10-декабрда “Азаттык” үналгысынын негиздөөчүлөрүнүн бири - Төлөмүш Жакып уулу дүйнөдөн кайткан. Төлөмүш Жакып уулу ”Азаттык” үналгысынын алгачкы жетекчилеринин бири.
Швециянын Sweco компаниясынын кызматкерлери Аяз ата же Санта-Клаус бүт дүйнөнүн балдарын жаңы жылы менен куттуктап чыгыш үчүн болжол менен Кыргызстанда жашашы керек дешет. Мына ушул кабардан кийин Кыргызстандын туризм жана маданият тармагынын жетекчилери «Аяз ата Кыргызстандын кайсыл аймагында жашайт?” деген сынак жарыялашты. Келечекте алар дүйнөдөгү Аяз аталардын курултайын Бишкекте өткөрүү демилгесин көтөрүп жатышат.
8-декабрда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Оор атлетика боюнча олимпиаданын жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш быйыл жыйырманчы ирет өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. Чоюн билек балбандардын таймашуусуна Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тандалган оор атлетчилери катышты.
1-декабрдан бери парламенттик шайлоо өнөктүгүнө карата коомдук тартипти камсыз кылыш максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Ал эми “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрүнүн пикиринде ички иштер кызматкерлери коомдук тартипти сактоонун ордуна үгүт иштерине жолтоо болуп, укугунан ашкере пайдаланууда.
АКШда соттун чечими менен камактан бошогон “Кид Даймонд” же “Бриллиант жигит” аталган атактуу спортчу Алмазбек Раимкулов менен кыргыз спорту, профессионалдык бокс, Кыргыз спорт академиясын ачуу максаттары, боксчуларды даярдоо маселелери тууралуу спорттук баяндамачыбыз телефон аркылуу маектешкен.
Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда бел кур күрөшү боюнча “Федерациялар парады” аттуу эл аралык биринчи мелдеши өтүп жатат. Эл аралык таймашууга 14 өлкөнүн балбандары мөрөй талашууда.
Дагы жүктөңүз