Кыргызстан менен АКШнын атайын багыттагы жоокерлери Токмокто машыгып жатышат. Бул машыгуу терроризм жана маңзат жүгүртүүгө каршы багытталган.
Баймак айылында 17-ноябрында өткөн үйлөнүү той маалында чыккан кыргыз-тажик улутундагы жергиликтүү жаштардын чатагы түрдүү талкууга жем таштады.
Кыргыз коомчулугунда кылмыштуулукка каршы айныксыз күрөш жүргүзө албай жатат деп милициянын ишине канааттанбагандар көп.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын, ошондуктан жаңы бийлик менен кызматташпасын тастыктады.
Жогорку Сот өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароону 20-декабрга жылдырды.
Кыргызстанда саясый туруктуулук көп тил билүүгө да жараша болоору тууралуу Бишкекте өткөн өлкөнүн билим берүү тармагындагы тил саясатын талкуулаган эл аралык конференцияда айтылды.
Бишкекте ислам дининдеги үй-бүлө маселелерин, аялдар укугун талкуулаган эл аралык илимий жыйын өттү.
Эл аралык байкоочулар 23-ноябрда Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинин пайдасы менен зыянын талкуулашты.
Кыргыз өкмөтү кышкы-жазгы ар кандай чукул кырдаалдарга даяр экенин билдирүүдө. Бирок капыстан келген кыш өлкө аймактарында көптөгөн көйгөйлөрдү жаратууда.
"Тумар" үналгысынын киши колдуу болуп каза тапкан режиссёру Жаныбек Айдаралиевдин жакындары өлтүргөн адамды тезинен табуу талабын коюшту.
Жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевдин "Известия" гезитине курган маеги коомчулукта карама-каршылыктуу пикирлерди жаратты.
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева армияга кайрылып, кризис маалында коопсуздукту көздүн карегиндей сактоого чакырды.
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Cүйлөшүүнүн жыйынтыгында талаштуу аймактар боюнча мунаса табылганы айтылууда.
Кыргызстанда 30 миңден ашуун мектеп жашындагы бала билим албайт. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстанда жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
Кыргызстанда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаковго кол астындагылар ишеним көрсөтпөй, каршы чыгышууда.
Коомдук телеканалдын Байкоочулар кеңеши Жогорку Кеңештин кароосундагы “Коомдук телеканал тууралуу” мыйзамды сөз эркиндигине каршы аракет катары баалоодо. Мыйзам демилгечилери болсо бул кадамын Коомдук каналдын ишин легитимдүү жолго салуу аракети деп атап жатат.
Алмазбек Атамбаев жаңы президент деп расмий жарыяланаары менен парламентте коалицияны кайра түзүү боюнча бейформал сүйлөшүүлөр башталды.
Кыргызстанда айрыкча базарларда сатылган бөбөктөр кийимдеринен тери ооруларын пайда кылат деп ата-энелер даттанууда. Сатуучулар кийимдин сапатына кепилдик бере алышпайт.
10-ноябрдан тарта өкмөттүн токтому менен кафе-ресторандарда той-аш өткөрүү үчүн кардарга үйүнөн тамак жасап келүүсүнө тыюу салынды.
Бишкекте 9-ноябрдын кечинде жааган алгачкы кар шаар тургундарын жана тейлөө кызматтарын кыйла түйшүккө салды.
Дагы жүктөңүз