"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
5-августта Армениянын президенти Армен Сарксиян чет элдик каналдардын, анын ичинде орусиялык каналдардын берүүлөрүн чектеген буйрукка кол койду. Ага чейин Латвия жана Литва "Russia Today" мамлекеттик тобунун бир нече берүүлөрүнө тыюу салган.
Пандемия токтобой жаткан кезде көпчүлүк өлкөлөрдө окуу жылынын башталышы менен балдар мектепке кантип кайтат деген маселе баш ооруга айланды.
Ооган коопсуздук күчтөрү Нангархар чөлкөмүндөгү абакка кол салган «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жоочуларын издөөнү улантышууда.
Бир нече күн мурун Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшкө жардам бериш үчүн орусиялык аскердик дарыгерлердин тобу келген. Пандемия башталгандан бери Орусиянын аскер медиктери Сербияга жана Италияга жөнөтүлгөн.
Кошмо Штаттар менен катар Азияда да коронавирустун учурлары көбөйүп жатат. Глобалдык алкакта COVID-19 672 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти. Инфекциялангандардын саны 17.2 миллионго жетти.
Мындан 40 жыл мурда ошол кездеги СССРдин баш калаасы Москвада 22-Жайкы Олимпиада өткөн. Ал оюндар тарыхта эң саясатташкан спорттук иш-чаралардын бири болуп калды.
Быйыл пандемиядан улам Меккеге чогула турган динчилдердин саны чектелди.
Социалдык тармактарда «орусиялык дарыгерлер дүйнөнүн башка жерлеринде пайдасы далилденбеген, ал тургай зыяндуу экени аныкталган препараттар менен дарылашат экен» деген кептер тарап жатат.
Коронавируска каршы вакциналарды сыноо уланып жатат.
Иран өлүм жазасына тартылгандар боюнча Кытайдан кийинки орунда турат.
3 миллион 700 миң калкы бар Грузия COVID-19га каршы күрөштө үлгү алчу өлкөлөрдүн арасына кирди.
Орусиянын Хабаровск шаарында жекшембиде экинчи күнү катары менен нааразылык акциясы уланды. Митингге чыккандар крайдын губернатору Сергей Фургалга колдоосун билдиришти.
Коронавирустун белгилери пайда болору менен эн негизгиси дароо башкалардан обочолонуш керек. Дартты дарылоо протоколунда негизги басым тромбдун пайда болушунун алдын алуучу препараттарды колдонууга жасалган.
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуп турган кез. Эмне себептен ушундай абал түзүлдү? Пневомнияга чалдыккандарды коронавирустун статистикасына кошуу эмне үчүн маанилүү?
Кошмо Штаттарда 25-июнда бир күндө COVID-19га чалдыккандардын эң жогорку саны катталды. Айрым штаттар бизнести ачуу жана жарандардын сыртка чыгышын чектеген чараларды алып салуу чечимин кайра караштырууда.
Гаагадагы атайын прокуратура согуш кылмыштары үчүн айыптагандан кийин Косовонун президенти Хашим Тачи Вашингтондогу сапарын аягына чыгарбай Приштинага кайтууну чечти.
Вашингтон Жон Болтондун китебинде мамлекеттик купуя маалыматтар камтылганын, анын ачыкка чыгышы улуттук коопсуздукка доо келтирерин билдирди.
АКШнын Атланта шаарында полиция кармап жатканда жарадар болуп, ооруканада каза болгон афроамерикалык Рейшард Брукстун далысына эки ок тийгени аныкталды. Өткөн жума күнү болгон ал окуя калаада ири нааразылыкка себеп болду.
Орусиянын Буденновск шаарындагы барымта окуясына 25 жыл болду. Беш күн бою талаа командири Шамил Басаев баштаган согушкерлер бир жарым миңдей кишини жергиликтүү ооруканада туткунда кармап турушту.
Дагы жүктөңүз