"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Ишенбай Кадырбеков убактылуу үй камагына чыгарылды. Акыйкатчы Турсунбек Акун жана адвокат Азимбек Бекназаров абактагы саясатчыны бошотуу Ак үй менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашканын айтышууда.
"Ноокат тополоңуна" катыштыгы бар деп соттолгон Исмаилжан Орозбаевдин таякеси болуп саналган Казим Туракуловдун үйүнө УКМКнын кызматкерлери барып, куралдан ок атып, коркутуп-үркүтүп кетишти.
Бишкектин көчөлөрүн кооздош үчүн алгачкы ирет Чехиядан гүлдөрдүн уруктары алынып келинди. “Азаттык плюс” апта темасынын (“Менин борбор шаарым”) алкагында шаардагы жашылдандыруу иштеринин жүрүшү тууралуу пикирин сурап, шаардык мэриянын көркөмдөө бакчылык совхозунун агроному Шайлоо Бытыевди кепке тартты.
Социал-демократтар партиясы (СДП) өз депутаты Иса Өмүркуловду бийликтин басмырлоосуна бербей тургандыгын айтып чыкты. Алардын ишениминде, бийлик шайлоо алдында күрөштү курчутууга аракет кылууда. Муну алар айыптай тургандыктарын айтып, “саясий куугунтуктоолордун ашынган фактылары шайлоонун эркин, таза өтүүсүнө жол бербейт” дешти.
“Ар-намыс” партиясынын саясий кеңеши бүгүн ушундай чечим кабыл алганын жарыялады. Партия мүчөлөрүнүн билдирүүсүндө, бул кадам өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын стабилдүүлүгүн сактоо максатында жасалды.
Кыргыз оппозициясы эртең өткөрөрү күтүлүп жаткан нааразылык акцияларына Ички иштер министрлиги тоскоолдук жасабай тургандыгын билдирди. Алардын иш аракети коопсуздукту камсыз кылуу менен чектелет. Ошол эле мезгилде тартип коргоо кызматтары жер-жерлерде уруксат берилген иш чараларга даярдыктарды тыкыр көзөмөлгө алып, ар бир кадамдарын тескеп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар келип жатат
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар биргелешип, тыгыз байланышта иштөө демилгесин көтөрүп жатышат. Анткени келечекте мамлекетке теңтайлаш күчтүү өнөктөш болуш үчүн бул уюмдардын профессионалдык деңгээлин жогорулатуу зарыл.
Медет Садыркулов каза болгон болушу мүмкүн деп көп талашты жаратып жаткан шектүү жол кырсыгын иликтөө боюнча башкы прокурордун маалыматын бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ак жол” жана СДПК фракциялары угушту. Бир катар депутаттар иликтөө иштери натыйжалуу жана объективдүү болушунан күмөн санап жатышканын жашырышкан жок. "Ак жол" фракциясынын лидери Улукбек Ормонов кайгылуу окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
“Лексус” автомашинасында күйгөндөрдүн бири М. Садыркулов болушу мүмкүн. ИИМдин башчысы Молдомуса Конгантиев азырынча бул алгачкы божомол экендигин жана окуяга байланыштуу айтылып жаткан көз караш, ой-пикирлер негиздүү болуш керектигин эскертти.
Үй-бүлө кодекси айрым толуктоо өзгөртүүлөргө муктаж. Мындай демилгени Жогорку кеңештин жаштар, гендердик саясат, дене тарбия жана спорт комитети көтөрүүдө. Анткени мыйзамдагы үй-бүлө куруу жаш өзгөчөлүгү боюнча артыкбаш кошумчалар жашы жете элек кыздарды мажбурлап, эрге берилишине шарт түзүүдө.
Өзбекстанда хижаб жана Европа стилиндеги кыска юбкалар ден соолукка зыян деп, сыналгыдан атайын берүү көрсөтүлдү. Кыргызстанда болсо динге берилгендер көбөйгөн сайын хижаб да кыздар арасында популярдуу боло баштаган.
Азыр балдар кандай ырларды ырдашат? Эгерде биз, чоңдор, наристелер ырдап жаткан ырларга, алардын мазмунуна чындап көңүл бөлүп угуп көрсөк, бизге көп кызыктар ачылмак.
Кыргыз парламенти “Манас” аба базасын жабыш керек деген чечимди колдоду. Бүгүнкү добуш берүүдө 2 гана депутат базанын чыгарылышына каршы экенин билдиришти.
“Кыргызстан патриоттору” партиясы мамлекетти башкаруунун жаңы моделин, премьер-министрдин аппаратысыз, президенттик-парламенттик формасын иштеп чыгууну максат кылууда.
Ички иштер министрлиги бир нече айдан бери дайын дарексиз жоголуп жаткан Бактыяр Амиражановду издеп табуу боюнча илинчектер бар деп билдирүүдө.
Бишкекте КМШнын жаштар саясаты боюнча өкүлдөрү быйыл жаштар жылын уюштуруп өткөрүү маселелерин талкуулашты. Учурда бул уюмдагы ар бир өлкө өздөрү аткарчу иш-чараларды сунуштоодо.
Орусия Кыргызстандын 180 млн доллар карызын кечүүгө даяр. Карыздын ордуна алар “Дастан” ишканасынын 48% акциясын алууну көздөөдө.
Айрым маалымат каражаттары мамлекетте эл-журт алдында айтылган сөздүн баарын угуп текшерген эксперттик топ түзүлгөнү жатканы жөнүндө жазып чыгышты. Укук коргоочулар мындай чечимдин артында сөз эркиндигин басуу, оппозицияны коркутуп үркүтүү аракети жатканын айтып сындашууда.
Кыргызстанда азыр 1707 Пакистандык студент медицина жаатында билим алат. Мугалимдердин айтуусунда, пакистандык студенттер тартиптүү жана зээндүү келишет
ЮНИСЕФ жаңы баяндамасын жарыялады. Ага ылайык 19 жылда дүйнөдө төрөттөн 10 миллиондой аял көз жумган. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө аялдар төрөттөн каза табуу коркунучуна 300 эсеге көп кириптер болушкан.
Дагы жүктөңүз